15:11
USD 88.68
EUR 95.00
RUB 0.95

Бишкектеги көп кабаттуу үйлөрдүн короолорунун санитардык абалы текшерилүүдө

Бишкек шаарынын мэриясынын Санитардык -экологиялык инспекциясы бардык үй жана кварталдык комитеттер менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирет.

Биринчи май районунун тургундары менен үй алдында тазалыкты сактоо жана тартипти бузган учурда көрүлчү чаралар жөнүндө түшүндүрүү иштери өткөрүлдү. Жакын арада калган үч аймак дагы камтылат.

Эскерте кетсек, мыйзам бузуулар аныкталса, инспекторлор Кыргыз Республикасынын «Бузуулар жөнүндө» кодексинин 66 -беренесине ылайык жеке адамдарга — 3 миң сом, юридикалык жактарга — 13 миң сом айып салынат.

Көрктөндүрүү эрежелерин бузуу фактылары боюнча төмөнкү номерлерге кайрылсаңыздар болот:

  • 0551551745 — Свердлов району;
  • 0505523832 — Октябрь району;
  • 0555404818 — Биринчи май району;
  • 0554222213 — Ленин району.
Эң көп окулган жаңылыктар