03:22
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Кыргызстан Түркмөнстандан электр энергиясын сатып алат

Кыргызстан Түркмөнстандан 2021-жылдын август айынан декабрга чейин 501,9 млн. кВт/саат электр энергиясын сатып алат. Бул тууралуу Энергетика жана өнөр-жай министрлиги билдирди.

Келишимге энергетика жана өнөр-жай министри Доскул Бекмурзаев Түркмөнстандын энергетика министри Чарымырат Пурчеков кол койгон.

Андан сырткары Түркмөнстандан жаратылыш газын сатып алуу боюнча сүйлөшүү жүрүп жатканы айтылат.

Президент Садыр Жапаровдун июндагы Ашхабадга жасаган расмий сапары учурунда Кыргызстанга электр энегриясын сатуу боюнча сүйлөшүлгөн.

Эң көп окулган жаңылыктар