13:39
USD 88.39
EUR 94.96
RUB 0.97

Президенттик башкарууга кайтып келүү — партия жана лидерлердин кулашы

Жаңы Конституциянын күчүнө кириши менен Кыргызстанда мыйзам актылары иргөөдөн өтүп баштады. 138 документ күчүн жоготту деп табылды. Ага 1999-жылы кабыл алынган, саясый партиялар тууралуу мыйзам долбоору дагы кирди.

Акча эсепти жактырат

Жогорку Кеңеште 2020-жылдын май айында партиялар тууралуу жаңы демилге иштелип чыгып, биринчи окууда каралды. Анда демилгечилер саясый уюмдарды мамлекеттик колдоого жана каржылоого алынуу сунушташкан.

Депутаттардын көпчүлүгү партиялар бюджеттин эсебинен каржылана албастыгын белгилешти.
Бирок, демилгечилердин айтымында, учурдагы мыйзам партияны маалыматты жаап-жашырууга түртүүдө. Саясый уюмдар эл алдында отчет беришпейт. Бул ар кандай ушак-айын кептерге себеп болууда. Партиялардын өнүгүүсүнө дагы тоскоолдук түзүүдө.

Эскерте кетсек, азыркы мыйзамдар боюнча партияга ким финансалык жардам көрсөтсө, ал ачык жарыяланышы шарт. Чет элдик жарандардан, уюмдардан акча алууга тыюу салынат.

«Партиялар ачык болсо саясатта теңдик түзүлмөк. Ачыктык мыйзамсыз акчалардын аралашуусуна жана ички коррупцияга дагы тоскоол болот», — дейт серепчи Айгүл Акматжанова.

Бул пикирге БШКнын мурдакы мүчөсү Атыр Абдрахматова дагы кошулат. Анын айтымында, партиялардан финансалык ачыктыкты талап кылууга болот.

«Ички мыйзамдар болбосо дагы, эл аралык нормалар аркылуу партиялардан финансалык отчетту талап кылууга болот. Ал Венеция комиссия тарабынан 2010-жылы кабыл алынган партиялардын аракеттерин укуктук жактары тууралуу чечим. Партиянын мүчөлөрү жана күйөрмандары акчанын тарыхын так билиши шарт. Эгер партияны бир миллионер, же ири акционердик коом каржылап жаткан болсо саясый уюмдун мүчөлөрү демөөрчүсүнүн «жоокери» болуп калбайбы?», — дейт Атыр Абдрахматова.

Партияларга коммерциялык жана коммерциялык эмес уюмдарды түзүүгө уруксат берүү дагы сунушталууда. Анын жардамы менен саясый уюмдар акча таап, шайлоого катыша алышат.

Бирок, мыйзам долбоорду парламенттин VI чакырылышы аягына чыгарган жок. Биринчи окуудан кийин долбоор кароого киргизилбей, токтоп калды.

Жаман орокчу орок тандайт

Серепчилердин пикиринде, партиялардын ийгиликтүү иш алып бара албашына алардын финансалык алсыздыгы себеп болгон жок. Алардын айтымында, көйгөн шайлоо тутумуна байланыштуу. Мындан улам өлкөдө атаандаштык жаралган жок.

«Өлкөдө аткаруу бийлиги дайыма үстөмдүк кылып келгендиктен дагы партиялардын башкаруу тутумуна жолунда тоскоолдук жаратты. Партиялык тутум өйдө жакка көз-каранды болгондуктан саясый манипуляциядан чыга албайт», — дейт Айгүл Акматжанова.

Жогорку Кеңештин мурдакы төрагасы Зайдинин Курмановдун айтымында, саясый уюмдар идеологиянын негизинде эмес, үй-бүлө, тууган-туушкан жана достордун ортосунда түзүлөт. Андыктан алар көпчүлүк колдоосуна ээ боло албайт.

«Биздин партияларда юридикалык гана аталышы бар. Идеология, же программасы дагы жок», — дейт ал.
Анын айтымында, мыйзамдар партиянын максатын жана ойлорун ачык көрсөткөндөй болушу шарт.

«Эмне үчүн партияларга программа керек? Ал саясый уюмдун жол картасы. Азыр бир көрүп жүрөбүз.Партиялар парламентке келет дагы, андан кийин бөлүнүп кетишет. Алар туура жолдо барышы үчүн мамлекет аларга жардам бериши зарыл», — дейт эксперт.

Саясат тануучулардын көпчүлүгү партиялардын бутка тура албагандыгы парламентаризмден баш тартып, президенттик башкарууга кайтып келүүгө себеп болгондугун белгилешет.

Ошол эле учурда партиялар демократияны өнүктүрүүгө жана мамлекет менен коомду бириктирүүдө зарылдыгы айтылат.

Бирок, Кыргызстанда азырынча саясый уюмдар шайлоо алдында гана түзүлүп, мандат алуу үчүн гана топтолгон бирикме катары белгилүү. Шайлоо өткөндөн кийин бийикчил партия гана биримдигин сактабаса, калгандары бөлүнүп-жарылыпы, ички интригадан башкы чыкпай калат. Ал эми шайлоодон өтпөгөн партиялар дароо эле актуалдуулугун жоготуп, кийинки жарышка чейин дымы чыкпайт.

Эң көп окулган жаңылыктар