19:36
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

COVID-19. ПЧР анализ тапшыруу үчүн дистанциондук жазылуу сервиси ишке кирди

ПЧР-изилдөөгө анализ тапшырууну каалагандар үчүн шарт түзүү максатында, 2021-жылдын 6-августунан баштап Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин Ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө департаментинде кол-центр уюштурулду. Бул тууралуу Республикалык штаб билдирет.

Маалыматка ылайык, 0701 55-88-01 байланыш номери аркылуу дистанциондук түрдө жазылууга болот.

Анализ тапшырууну пландап жаткан жарандар, алдын ала белгилүү бир күнгө жана убакытка жазылып, андан кийин төмөнкү дарек боюнча жайгашкан Ооруларды алдын алуу жана мамсанэпид көзөмөлдөө департаментине кайрыла алышат. Дареги: Бишкек шаары, М.Фрунзе көчөсү, 535.

ПЧР-изилдөөнүн акысы 788 сомду түзөт. Дистанциондук түрдө жазылуу күнүгө саат 8-30дан 17-30га чейин жүргүзүлөт. Андан сырткары, анализ тапшырууга төмөнкү пункттар да уюштурулган:

Чүй облусу боюнча 3 пункт уюштурулган:

  • Сокулук районунун Ооруларды алдын алуу жана мамсанэпид көзөмөлдөө борбору, дареги: Сокулук а., Ленин көчөсү, 112. (иштөө графиги 9-00 — 13-00гө чейин, 0500 22-04-92, жыйынтыгы эртеси күнү саат 11-00 — 13-00гө чейин берилет);
  • Аламудун районунун Ооруларды алдын алуу жана мамсанэпид көзөмөлдөө борбору, дареги: м-н Городок Энергетиков, Зеленная көчөсү, 3а. (иштөө графиги 9-00дан 13-00гө чейин, 0700 71-77-02 жыйынтыгы эртеси күнү саат 11-00 — 13-00гө чейин берилет);
  • Ысык-Ата районунун Ооруларды алдын алуу жана мамсанэпид көзөмөлдөө борбору, дареги: м-н Кант ш., Ленин көчөсү, 43 (иштөө графиги 9-00 — 13-00гө чейин, 0709 05-95-00, жыйынтыгы эртеси күнү саат 11-00 — 13-00гө чейин берилет).

Ысык-Көл облусунда:

Бостери айылындагы Мамытова 80 көчөсүндө жайгашкан медпункт (ориентир айыл өкмөтү, мечит). Иштөө графиги 8-00дөн 18-00гө чейин: анализ алуу 8-00дөн 15-00гө чейин, жыйынтыгы 15-00дөн 18-00гө чейин чыгарылып берилет. Жыйынтыгын эртеси күнү чыгарылат. Байланыш телефондору 0701 55-88-02; 0701 55-88-03.

Ошондой эле, жарандар ПЧР анализ тапшыруу боюнча кеңеш алуу үчүн төмөнкү телефондорго кайрыла алышат: 0312 32-30-12 (8-30дан 17-30га чейин) жана 0701 55-88-06 (8-30дан 20-00гө чейин).

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума