Тажик жарандары президенттин Баткен облусундагы өкүлүнүнүн орун басары Мафурхан Тулаев бара жаткан унааны таш бараңга алышты. Маалыматты аймактык ички иштер башкармалыгынан ырасташты.
Маалыматка караганда, Мафурхан Тулаев 29-июль күнү жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен бирге Ак-Сай айыл аймагына караштуу Таш-Тумшук айылында жабыр тарткан үйлөрдү көрүп кайтып келе жатышкан.
«Окуя түнкү 22.00дө болгон. Факт «Ээнбаштык» беренеси менен катталды. Тажик тарап менен сүйлөшүү жүрүп, келтирилген чыгымды ордуна келтирүү суроосу коюлду», — дейт облустук ички иштер башкармалыгы.
Ак-Сай айыл өкмөтүнүн башчысы Алимбек Сабировдун машинасы талкаланган.