15:21
USD 89.51
EUR 97.50
RUB 0.97

Шойгу: Орусия Тажикстанга акысыз курал-жарак берет

Ооганстандагы кырдаал Тажикстанга коркунуч туудурса Орусиянын 201-базасы тажик бийлигине аскерий жардам көрсөтөт. Бул тууралуу Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгу билдирди.

«Москва тажик армиясын курал-жарак жана аскер техникасы менен бекер жабдыганга даяр. Тажикстан Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна (ЖККУ) мүчө жана аскердик союздаш болгондуктан, анын аймактык бүтүндүгү менен коопсуздугун коргоо маселесинде Москва четте карап турбайт», — деди Шойгу.

Ал ошондой эле орус аскерлери Сирияда, Ливияда жана Иракта согушкан жоочулардын айрым куралдуу топтору Ооганстандын аймагына өтүп жатканын каттаганын билдирди. Анын айтымында, учурда Тажикстандын армиясынын кесиптик даярдыгын жогорулатып, тажрыйбасын арттыруу боюнча иш-чаралар жүрүп жатат.

Июлдун башында Тажикстан ЖККУга кайрылып, Ооганстан менен чек арасын кайтарууга жардам сураган.

Эң көп окулган жаңылыктар