12:11
USD 89.51
EUR 97.50
RUB 0.97

Казакстан Кыргызстанга 25 миң доза QazVac вакцинасын жардам катары берди

Казакстан Кыргызстанга гуманитардык жардам катары бөлүп берген QazVac вакцинасынын 25 миң дозасы 28-июлда Бишкекке жеткирилди.

Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин маалыматына караганда, Казакстандын Биологиялык коопсуздук маселелери боюнча илимий-изилдөө институту ойлоп тапкан бул вакцина 18 жаштан жогору курактагыларга коронавирустан коргонуу үчүн сайылат. Биринчи доза менен экинчисинин ортосундагы аралык 21 күн болушу шарт.

QazVac вакцинасы стандарт технология боюнча иштелип чыкканы, коронавирустан сактоо деңгээли 90% жогору экени, Казакстандын өзүндө аны бүгүнкү күнгө карата 300 миңдей адам алганы, ден соолукка олуттуу зыян келтирген учурлар катталбаганы гуманитардык жардамды кабыл алуу салтанаты учурунда айтылды.

Казак өкмөтү COVID-19 инфекциясына каршы күрөшүү үчүн Кыргызстанга буга чейин гуманитардык жардам иретинде 78 миллион сомго 400 ИВЛ аппарат, 2 млн беткап берген.

Кыргызстанда азыр Sputnik V, Sinopharm жана AstraZeneca вакциналарын алууга шарт бар. Эмделгендердин жалпы саны 500 миңден ашты.

Жалпысынан өлкөдө коронавирусту жугузуп алгандардын расмий саны 160 миңге жетип, 2288 бейтап каза болду.

Адистер расмий статистика чыныгы абалды чагылдырбай жатканын, ооругандар да, каза болгондор да андан көбүрөөк экенин айтып келишет.

Президент Садыр Жапаров 28-июлда экинчи ирет кайрылуу жолдоп, элди эмдөөдөн өтүүгө чакырды.

Эң көп окулган жаңылыктар