16:24
USD 84.80
EUR 99.39
RUB 1.17

COVID-19. Кыргызстанда вирустан 6 бала көз жумду

2020-жылдын март айынан баштап 2 мин 94 бала COVID-19 менен ооруп, республиканын стационарларында дарыланып чыкты. Бул тууралуу Улуттук эне жана баланы коргоо борборунун башкы дарыгери Айна Джетыбаева билдирди.

Анын маалыматында, Бишкек шаарында - 807, Ош шаарында - 124,  Чүй облусунда – 351, Ош облусунда – 342, Талас облусу - 20, Нарын облусу - 98, Ысык-Көл облусу – 145, Жалал-Абад облусу – 134 жана Баткенде  – 73 бала ооруган. 

Алардын 311и 1 жашка чейин, 624ү 1 жаштан 4 жашка чейин, 759у 5 жаштан 15 жашка, 400ү - 16-18 курактагы балдар. 

Бейтаптардын 35 пайызынын оорусу күчөп, алты бала каза тапты. 

Эң көп окулган жаңылыктар