USD87.45EUR98.33RUB1.02
24.kg

Өзбекстанда президенттик шайлоо өнөктүгү башталды

17:40, 23 июля 2021, Бишкек - 24.kg

Өзбекстандын Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) 23-июлдагы жыйынында өлкө президентин шайлоо боюнча өнөктүк башталганын жарыялады.

«Конституциянын 90чу жана 117-беренелерине ылайык, 24-октябрга белгиленген президенттик шайлоо боюнча өнөктүктү 23-июлдан тартып баштоо тууралуу чечим кабыл алынды», — деди БШКнын төрагасы Зайниддин Низамхожаев.

Анын айтымында, президенттик кызматка талапкерлерди көрсөтүү 20-августта башталып, 9-сентябрда аяктайт.

Шайлоо кодексине ылайык, Өзбекстанда президенттикке талапкерлерди шайлоого чейин алты ай мурда расмий каттоодон өткөн саясий партиялар гана көрсөтө алышат.

Бүгүнкү күндө өлкөдө бийликчил беш гана саясий партия каттоодон өткөн.

Оппозициялык саясатчы Мухаммад Салих жетектеген «Эрк» партиясы менен Хидирназар Аллакуловдун жаңы түзүлгөн «Акыйкат жана өнүгүү» партиясы президенттикке талапкер көрсөтүү укугуна ээ болуу үчүн буга чейин бир нече жолу расмий каттоодон өтүүгө аракет кылышкан. Бирок Юстиция министрлиги аларды каттоодон баш тартып келет.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18

Индекс цитированияЯндекс.Метрика