23:47
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Бишкекте дагы бир эмдөө пункту ачылды

Бишкектин Октябрь районундагы дагы бир эмдөө пункту ачылды. Бул тууралуу мэриядан билдирди.

Алардын маалыматы боюнча, 12-кичирайондогу «ДК» соода борборунда дагы бир эмдөө пункту ачылды. Иштөө убактысы 08:30дан 21:00го чейин.

«Эмдөө ала турган адамдардын жанында паспорту болушу керек, анткени бардык маалыматтар (паспорт жана вакцина жөнүндө маалыматтар) Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин COVID-19 эмдөөсүнүн базасына киргизилет», — деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле, Октябрь районунда коронавирус инфекциясынын жайылуусунун алдын алуу иштери улантылууда.

Мындан тышкары, Октябрь районунун мобилдик тобу эл көп чогулган жерлерде санитардык-эпидемиологиялык ченемдердин жана талаптардын аткарылышын камсыздоо максатында рейддерди өткөрүүнү улантууда. Бул жолу коомдук тамактануу жайлары текшерилди. Ковид-19га каршы эмдөөнүн зарылдыгы боюнча түшүндүрүү иштери жигердүү жүргүзүлүп жатат.

Эң көп окулган жаңылыктар