08:49
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

COVID-19. Вирустан айыккандан кийин айрым белгилер 2-3 айга чейин сакталат

Вирустан айыккандан кийин айрым белгилер 2-3 айга чейин сакталат. Бул тууралуу Республикалык саламаттык борборунунун директорунун орун басары Кубанычбек Эрмегалиев билдирди.

Анын айтымында, COVID-19дун женил, орточо оор түрү менен ооруганда айрым симптомдор көпкө чейин сакталат.

«Баш оору, алсыздануу, уйку кау, кыжырдануу, маанайдын түшүүсү, ачуулануу, табиттин жоктугу. Андан коркпош керек. Бул симптомдор бара бара жок болот. Эгер аталган симптомдор 2-3 айдын ичинде өтпөсө гана адистерге кайрылыш керек», - дейт ал.

Ошондой эле, ал калкка психологиялык жардам динстанциондук түрдө көрсөтлүп жаткандыгын кошумчалады. Адистерден кеңеш алуу акысыз жүргүзүлөт. Байланыш телефондор Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин сайтында бар.

Эң көп окулган жаңылыктар