15:25
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Кытай коронавирустун лабораториядан чыкканы тууралуу божомолду текшерүүдөн баш

Кытай коронавирустун келип чыгышы тууралуу иликтөөнүн экинчи баскычы боюнча Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (ДССУ) менен кызматташуудан баш тартты. Бул тууралуу Reuters агенттиги кабарлады.

«Экинчи баскычтын планы акылга сыйбайт жана илимге чакырык жасайт», — деп билдирди Кытайдын Гигиена жана саламаттык сактоо маселелери боюнча мамлекеттик комитетинин төрага орун басары Цзень Исинь.

Экинчи баскычтын алкагында эл аралык изилдөөчүлөргө Ухань шаарындагы лаборатория менен базарларга кирүүгө уруксат берилиши керек болчу. Анда алар вирус лабораториядан жайылган болушу ыктымал деген версияны текшеришмек.

Бээжин мындай божомолду четке кагып, коронавирус Кытайга тоңдурулган азыктар менен чет өлкөдөн алып келинген деген версияны текшерип көрүүнү сунуштап келет. ДССУнун иликтөөсүнүн биринчи баскычында Бээжин көпкө чейин уюмдун изилдөөчүлөрүн өлкөгө киргизбей, алар сураган документтерди берген эмес.

Уханда коронавирустарды изилдөө боюнча дүйнөдөгү эң ири борборлордун бири жайгашкан. Шаарда COVID-19 вирусуна жакын деп эсептелген пневмониянын SARS үлгүсү изилденет.

Май айында The Wall Street Journal гезити америкалык чалгындын жашыруун баяндамасына шилтеме кылып, Кытайдын Вирусология институтунда иштеген үч окумуштуу коронавирус тууралуу алгачкы билдирүүлөр чыга электе эле (2019-жылы ноябрда) катуу ооруганын жазып чыккан. COVID-19га кабылган алгачкы бейтап лабораториянын кызматкери болгонун Fox телеканалы 2020-жылы апрелде кабарлаган.

Мындан тышкары Кытай пандемия тууралуу маалыматты узак убакыт жашырган деп айыпталып келет.

Эң көп окулган жаңылыктар
25-апрель, бейшемби