14:42
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Жефф Безос жеке ракетасы менен космоско учту

Дүйнөдөгү эң бай адам, америкалык миллиардер Жефф Безос космосту багындырды. 20-июлда ал иниси Марк Безос, 82 жаштагы америкалык алгачкы аял авиаторлордун бири Уолли Фанк жана 18 жаштагы Оливер Деймен менен космоско учуп барып келди.

Аларды Безос негиздеген Blue Origin компаниясы жасап чыккан New Shepard кемеси «космостун чеги» деп мүнөздөлгөн Карман тилкесине алып чыкты. Бул тилке деңиз деңгээлинен 100 чакырым бийиктикте жайгашкан.

АКШнын Техас штатындагы Ван Хорн шаарчасынын четинен учуп чыккан New Shepard кемесинин Жерден эң бийик көтөрүлгөн чеги 106 чакырым болду. Экипаждын жалпы сапары 10 мүнөт 20 секундага созулду. Жүргүнчүлөр 3-4 мүнөттөй космостук кеменин ичинде калкыган абалды сезе алышты. Андан соң астронавттар отурган капсула АКШнын Техас штатындагы чөлгө ийгиликтүү конду.

Дүйнөдөгү эң бай адам Жефф Безос Blue Origin компаниясын 2000-жылы түптөп, андан бери космос туризмин жүзөгө ашырууну пландап келген. Эми компания космоско учуп барып келүүнү каалагандарга билеттерди сатуу алдында турат. Бирок бир билеттин баасы канча болоору так айтыла элек.

Тогуз күн мурда британиялык миллиардер бизнесмен Ричард Брэнсон Virgin Galactic компаниясы курган аппарат менен космоско учкан.

57 жаштагы Жефф Безос Blue Origin компаниясынан мурда, 1994-жылы электрондук соодага ыңгайлашкан Amazon компаниясын түптөгөн.

Ал Forbes журналынын ааламдагы эң бай адамдардын тизмесинде бир нече жылдан бери сап башында. Анын байлыгы пандемияга карабастан 2020-жылы 64 миллиард долларга көбөйгөн. Учурда америкалык бизнесмендин жалпы байлыгы 200 миллиард доллардан ашат.

Эң көп окулган жаңылыктар