18:05
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Бишкекке Бакудан COVID-19га каршы AstraZeneca вакцинасынын 40 миң дозасы келди

Кечээ, 16-июлда Бакудан Бишкекке AstraZeneca вакцинасынын 40 дозасы келди. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, КР тышкы иштер министринин Азизбек Мадмаров жана Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин статс-катчысы Жпаркул Ташиев COVID-19 коронавирустук вакцинасына каршы күрөшүүнүн алкагында «Манас» эл аралык аэропортунда Бакудан Кыргызстанга 40 миң доза AstraZeneca вакцинасы жүктөлгөн гуманитардык жардамды алып келген учакты тосуп алышты.

Кыргыз тарап Азербайжан Республикасына өлкөлөрдүн ортосундагы бир туугандык мамилелердин көрүнүшү болгон бүгүнкү оор эпидемиологиялык кырдаалда көрсөтүлгөн гуманитардык жардам жана колдоо үчүн ыраазычылык билдирди.

Аталган гуманитардык жардамды берүү тууралуу келишим КР тышкы иштер министри Руслан Казакбаевдин 2021-жылы 1-3-июлда Азербайжан Республикасына расмий иш сапарынын алкагында жетишилген.

Белгилей кетсек, бул азербайжандын өнөктөштөр КРга жиберген биринчи жардам эмес. Өткөн жылы апрелде дагы 64 тонна медициналык жана антисептикалык каражаттар келге

Эң көп окулган жаңылыктар