Кыргызстанда 15-июлга карата коронавирус дагы 1 миң 290 адамдан аныкталды. Бул тууралуу саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Жалалидин Рахматуллаев брифинг учурунда билдирди.
Анын айтымында, анын ичинде Бишкек шаарында — 726, Ош шаарында — 53, Чүй облусунда — 176, Ош облусунда — 72, Талас облусунда — 19, Нарын облусунда — 18, Ысык-Көл облусунда — 56, Жалал-Абад облусунда — 55, Баткен облусунда — 115 адамдан илдет табылган.
«Ал эми бир суткада 1 миң 29 адам илдеттен сакайды, анын ичинде Бишкек шаарында — 575, Ош шаарында — 96, Чүй облусунда — 130, Ош облусунда — 40, Талас облусунда — 18, Нарын облусунда — 3, Ысык-Көл облусунда — 23, Жалал-Абад облусунда — 66, Баткен облусунда — 78 бейтап айыгып чыкты», — дейт ал.
Сутка ичинде COVID-19 илдетинен Бишкекте 6, Чүй облусунда 3, Жалал-Абад облусунда бир бейтап каза болгон.