18:09
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

COVID-19. Вируска чалдыккандардын 11-14 пайызы жаш балдар

Учурда вируска чалдыккандардын 11-14 пайызы жаш балдар. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин алдындагы Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун директору Гульзат Маймерова билдирди.

Ал балдар вирусту жеңил өткөрөрүн белгилейт.

«Балдар, чоңдор сыяктуу эле, коронавирус инфекциясын жуктурушат, бирок статистика боюнча алардын арасында оору аз. Алар COVID-19ду жеңил өткөрүшөт, алардын арасында симптомсуз жана оорунун жашырын формаларын алып жүрүүчүлөр бар. Мындай балдар ачык симптомдору менен ооруган чоңдорго караганда инфекцияны алып жүрүүчү болуп калышат», — дейт ал.

Анын айтымында, 2020-жылдын жаз айларында дүйнөдө бардык структурадан 0,8-2% оорулуу балдар катталса, азыркы учурда оорулуулардын 11-14 % жаш балдар түзөт.

2020-жылдан бери 1,6 миң бала вируска чалдыккан.

Учурда Бишкекте — 573, Чүй облусунда — 267, Ош облусу — 262, Ысык-Көл облусу — 135, Жалал-Абад облусу — 114, Ош шаарында— 109, Нарын облусунда — 98, Баткен облусунда — 73 жана Талас облусунда — 19 бала вирустан дарыланууда.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума