Бишкектеги ооруканаларда коронавирус менен ооругандар үчүн 235 бош орун бар. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен билдиришти.
Улуттук хирургия борборунда — 1;
Республикалык клиникалык инфекциялык ооруканада — 2;
№ 2 төрөт үйүндө — 12;
№ 1 шаардык ооруканада — 3;
Улуттук кардиология жана терапия борборунда — 5;
Улуттук госпиталдын Улуу Ата Мекендик согуштун майыптары үчүн бөлүмүндө — 10;
Улуттук онкология жана гематология борборунда — 6;
Улуттук госпиталь: урологиялык корпусунда — 6;
Улуттук госпиталь: мобилдик госпиталда — 2;
Улуттук наркология борборунда — 11;
Аскердик госпиталда — 4;
Курортология жана калыбына келтирүү илим-изилдөө институтунда — 56;
Улуттук госпиталь: нейрокорпуста — 15;
Дайыр Асанов атындагы Кыргыз улуттук аскер лицейинде — 89;
Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда — 13.