Бишкек шаарындагы соода борборлорунда убактылуу эмдөө пункттары ачылды, анда шаардыктар «Sinopharm» кытай вакцинасын алышат, деп билдирет муниципалитеттен.
Төмөндө эмдөө пункттарынын даректери:
Ленин району:
— «Берекет универсал» соода борбору, Ош базарынын аймагында (Фучик көчөсү, № 20/3, 0-кабат);
— «Азия Молл» соода борбору (Ч.Айтматов проспектиси № 3);
Октябрь району:
— «Таш-Рабат» соода борбору (М.Горький көчөсү, № 1);
— «Космопарк» соода борбору (Юнусалиев көчөсү, № 40а (7-кичирайон);
Биринчи май району
— «Вефа» соода борбору (Байтик Баатыр көчөсү, № 98);
— «Бишкекпарк» соода борбору (Киев көчөсү, № 148);
Свердлов району:
— «Деский мир» соода борбору (Чүй проспекти, № 147/4);
— «Чынар» базары (Аламедин-1 кичирайону, № 63/1).
"Вакцина алуучунун паспорту жанында болуусу керек, анткени паспорттогу бардык маалымат боюнча эмделүүчү адам Саламаттык сактоо министрлигинин эмдөөдөн өткөндөрдүн маалымат базасына киргизилет", -деп айтылат маалыматт.