Кыргызстанда COVID-19дун үчүнчү толкуну жогорку чегине жетти. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев билдирди.
Анын айтымында, эки аптадан кийин вирустун жайылышы азайып баштайт.
«Санитардык талаптарды сактоо керек. Вакцина келди. Аны менен биз эмдөөнү алдыга жылдыра алабыз», — дейт ал.