15:01
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

COVID-19. Бир суткада 1 миң 330 кишиден вирус табылып, 11 адам каза тапты

Бир суткада 1 миң 330 кишиден вирус табылды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.

Алардын маалыматында, вируска чалдыккандардын саны Бишкек, Чүй, Баткен облусунда көбөйдү.

Акыркы суткада вируска чалдыккан 11 бейтап каза тапты.

Вирус менен ооругандардын саны жалпысынан өткөн жылдын март айынан бери 140 миңге жетип, 2 миң 113 адам каза болду.

Эң көп окулган жаңылыктар