17:38
USD 84.22
EUR 93.82
RUB 0.91

Кыргызстанда COVID-19дун индиялык штаммы катталган жок

Кыргызстанда COVID-19дун индиялык штаммы катталган жок. Бул тууралуу маалымат жыйында «Профилактикалык медицина» илимий-өндүрүштүк бирикмесинин директору Омор Касымов билдирди.

Ал белгилегендей, учурда Кыргызстанда оорулардын жалпы саны 140 миңге жакындап, күн сайын 1200-1500гө көбөйүп жатат.

«Баштапкы ухань вариантынын SARS-CoV-2 штаммы олуттуу мутацияга учурады. Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун маалыматы боюнча, бүгүнкү күндө штаммдарды классификациялоонун бир нече түрлөрү аныкталды. Алар — Улуу Британия (альфа), Түштүк Африка (бета), Бразилия (гамма) жана Индия (дельта) штаммдары. Алардын ичинен Индия штаммы адамзат коомчулугу үчүн эң коркунучтуу болуп саналат. Саламаттык сактоо министрлигинин Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин маалыматы боюнча, Кыргызстандын аймагында индиялык штаммды жуктурган учурлар катталган жок. Өлкөдө жуктуруулардын 85,7 %ы Улуу Британиялык жана 14,2%ы Түштүк Африка штаммдары катталган», — деп билдирди директор.

Коронавирустун жугушун алдын алуу жана жеңилирээк башынан өткөрүү үчүн эң натыйжалуу профилактика — калкты 90% га чейин эмдөө болот.

Эң көп окулган жаңылыктар
3-октябрь, бейшемби