23:12
USD 84.73
EUR 100.69
RUB 1.16

Россия кыргыз жараны Эсен Мажитовду Тажикстанга өткөрүп берүүдөн баш тартты

Россия кыргыз жараны Эсен Мажитовду Тажикстанга өткөрүп берүүдөн баш тартты. Бул тууралуу анын жакындары билдиришти.

Алардын айтымында, чечим кечээ чыкты.

Эскерте кетсек, Баткен облусунун Көк-Таш айылынын тургуну Эсен Мажитов апрель айында Тажикстандын көрсөтмөсү менен Россияда кармалган.

Тажикстан Эсен Мажитовду чек арадагы баш аламандыкка күнөөлөп, эл аралык издөө жарыялаган.

Эң көп окулган жаңылыктар