22:17
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Онкология илдеттер менен жабыркаган бейтаптар COVID-19га каршы эмделе алат

Башкаларга караганда онкологиялык бейтаптар үчүн коронавирустук инфекциянын жана казалуулуктун оор өтүү коркунучу болжол менен 2 эсе жогору. Бул тууралуу Улуттук онкология жана гематология борборунун директорунун клиникалык иш боюнча директорунун орун басары, Суютбек Дөөлөтбеков брифингде билдирди.

Анын айтымында, онкологиялык бейтаптардын COVID-19дан эмделүүсү тууралуу сунуштамаларды бере ала турган изилдөөлөрдүн азырынча жок.

«Онкологиясы бар бейтаптардын ковидден оор кабылдоолорунун жана казалуулугунун санына караганда 2 эсе жогору— жана эмдөө зарыл», — дейт ал.

Анын айтымында, бир нече жыл мурун дарыланган жана азыркы убакытта оору ремиссияда болгон онкологиялык бейтаптарга «өзүңөрдүн доктуруңардан кеңеш алып поликлиникага барып, эмдөө алгыла» деп кеңеш берсе болот.

«Бирок, бейтаптардын экинчи тобу — азыркы убакытта шишикке каршы дарылоого зарыл болгондор (химиотерапия, нурдуу дарылоо, операция)алардын иммундук тутумду бир далай алсыз болушу мүмкүн. Андай учурда вирустук инфекциянын татаалыраак өтүү мүмкүндүгү бар, башка жагынан — эмдөөнүн төмөн натыйжалуулугу жана коопсуздуктун белгисиз профилине кабылуу мүмкүн», — дейт ал.

«Кандай болбосун, мындай бейтаптарды потенциалдуу пайданын жана мүмкүн болгон коркунучтардын айкалышын кылдат таразалап туруп, эмдөөгө талапкерлер катары караштыруу зарыл. Бул жерде чечим доктур менен чоогу жана жеке кабыл алынаарын эстен чыгарбоо керек», — деди даарыгер.

Эң көп окулган жаңылыктар