22:23
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

Орусия Тажикстанды коргоо үчүн бул өлкөдөгү аскердик базасын колдонууга даяр

Орусия союздаштарын Ооганстандан келип жаткан коркунучтардан коргоо үчүн бардык аракеттерди көрөт. Бул тууралуу өлкөнүн тышкы иштер министри Сергей Лавров тажик-ооган чек арасындагы абал тууралуу пикирин билдирип жатып айтты.

«Биздин союздаштарга карата кандайдыр бир агрессивдүү кадамдар болбошу үчүн бардык аракеттерди көрүп, анын ичинде тажик-ооган чек арасындагы орусиялык аскердик базаны колдонобуз», — деди Лавров 7-июлда Лаостун тышкы иштер министри менен жолуккандан кийинки маалымат жыйынында.

Лавровдун айтымында, күн мурун тажик-ооган чек арасына барган Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун (ЖККУ) катчылыгынын өкүлдөрү андагы кырдаалга баа берип, ал тууралуу уюмдун кеңешине маалымат берип турушат.

Орусия ТИМ башчысы Москванын ЖККУнун алкагындагы Ооганстан боюнча бардык милдеттенмелери күчүндө каларын кошумчалады.

6-июлда ЖККУнун биргелешкен штабынын башчысы, генерал-полковник Анатолий Сидоров ыкчам топтун курамында тажик-ооган чек арасындагы кырдаалды баалоо үчүн Тажикстанга барган.

Буга чейин «РИА Новости» агенттиги тажик Улуттук коопсуздук кызматындагы булактарына шилтеме кылып, талибдер Тажикстан менен чектешкен 1430 чакырымдык тилкенин 70% ашыгын басып алганын жазган.

5-июлда Эмомали Рахмон Ооганстандагы курчуп жаткан абалды Орусиянын, Казакстандын жана Өзбекстандын лидерлери менен талкуулаган. Телефондук сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Орусиянын президенти Владимир Путин өлкө тажик-ооган чек арасындагы маселелерди чечүү үчүн Душанбеге жардам берүүгө даяр экенин айткан. Ошол эле күнү Рахмон Ооганстан менен чек араны бекемдөө үчүн резервдеги 20 миң аскер кызматкерин мобизациялаган.

Эң көп окулган жаңылыктар