21:19
USD 84.38
EUR 99.54
RUB 1.15

Рахмон күйөө баласын Түркияга элчи кылып дайындады

Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон 5-июлда Ашрафжон Гуловду өлкөнүн Түркиядагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси кылып дайындады.

Буга чейинки элчи Махмадали Ражабиён пенсияга чыкканына байланыштуу кызматтан алынган.

Ашрафжон Гулов — Тажикстандын мурдагы энергетика жана өнөр жай министринин уулу жана президент Эмомали Рахмондун күйөө баласы. Буга чейин ал Салык комитетинде, Улуттук банкта, Тажикстандын Бельгиядагы элчилигинде иштеген. 2014-жылы Тажикстандын Орусиядагы башкы консулу кызматын аркалаган.

Ашрафжон Гулов Рахмондун бешинчи кызы — Парвина Рахмонованын күйөөсү.

Эмомали Рахмондун жети кызы жана эки уулу бар. Анын улуу баласы Рустами Эмомали Тажикстан парламентинин жогорку палатасынын төрагасы жана Душанбе шаарынын мэри. Улуу кызы Озода Рахмонова Тажикстан президентинин аткаруу аппаратын жетектейт. Анын күйөөсү Жамолиддин Нуралиев өлкөнүн Улуттук банкынын төрагасынын биринчи орун басары.

Рахмондун дагы бир күйөө баласы Шамсулло Сохибов көп профилдүү «Фароз» компанияларынын ээси. Президенттин аялынын бир тууганы Хасан Асадуллозода өлкөдөгү эң ири кредиттик уюм эсептелген «Ориенбанкты» жетектейт.

Эң көп окулган жаңылыктар