18:10
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

COVID-19дун Россиядагы жаңы толкуну: эмдөө жана компаниянын аракеттери

Россияда, айрыкча Москва шаарында COVID-19 инфекциясын жугузуп алгандардын саны өсүүдө. Эпидиомологиялык кырдаалдын курчушуна байланыштуу июнь айынын ортосунда санитардык талаптар күчөтүлүп, тейлөө тармагында иштегендерди милдеттүү түрдө эмдөө жарыяланган. Тейлөө тармагында иштеген компаниялардын кызматкерлеринин 60 пайызы вакцинаны 15-июлга, калганы 15-августка чейин алышы керек.

Башка өлкөлөрдүн тажрыйбасы көрсөткөндөй, вакцина жамааттык иммунитетти пайда кылып, вирустун жаңы штаммдарынын пайда болушуна бөгөт болот. Бирок, адистер эмдөөдөн кийин дагы бет кап тагынып, санитардык нормаларды так сактоо зарылдыгын белгилешет.

Россиянын тейлөө тармагында иштеген компаниялар өздөрүнүн кызматкерлерине жана өнөктөштөрүнө жардам берүү аракетин күчөттү. Мисалы, Яндекс менен кызматташкан айдоочулар жана курьерлер Москва шаарында компаниянын колдоосу менен ачылган жайлардан эмделе алышат. Андай жайлар жайгашкан жерди көрсөтүүчү атайын сервис дагы ишке кирди. Яндекс компаниясынын машиналарын дезинфекциялоо үчүн Москва менен Россиянын аймактарында атайын борборлор бар (Бишкекте дагы мындай жай бар — 24.kg).

Сервис таксисттерди жана курьерлерди антисептик жана бет кап менен камсыз кылууда.

Эң көп окулган жаңылыктар