16:14
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Орхон Инандынын аялы жалгыз митингге чыкты

«Сапат» билим берүү мекемесинин президенти Орхон Инандынын аялы жалгыз митингге чыкты. Бул тууралуу анын жактоосучу Таалайгүл Токтокунова билдирди.

«Рейхан Инанды жалгыз, унчукпай туруп, жолдошун таап берүүнү талап кылат. Бул акция дагы улантылат», — дейт ал.

Эскерте кетсек, Орхон Инанды 31-майда жолугушууга барарын айтып үйдөн чыгып кеткен бойдон кайра келген эмес. Ошол эле күнү анын уунасы үйүнөн алыс эмес жерден табылган. Ал 1995-жылдан бери Кыргызстанда иштейт. 2012-жылы кыргыз жарандыгын алган.

Белгилей кетсек, Түркия бийлиги Кыргызстандагы «Сапат» билим берүү мекемелеринин мугалимдерин террордук уюмдун мүчөсү катары таанып, кайтарып берүүнү талап кылган.

Эң көп окулган жаңылыктар