13:01
USD 89.01
EUR 94.71
RUB 0.94

Тоголок Молдонун 160 жылдыгына карата манасчылардын кароо сынагы өтөт

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги атактуу акын, манасчы Тоголок Молдонун 160 жылдыгына карата улуу залкардын манасчылык өнөрүн даңазалоо, эл арасында кеңири жайылтуу максатында манасчылардын республикалык кароо сынагын өткөрөт.

Максаты:

Кайып-илим өнөрү болгон манасчылыкты аркалаган өнөр ээлерин камкордукка алуу;

Мыкты манасчыларды, мелдештин жеңүүчүлөрүн маалымат каражаттары аркылуу жалпы коомчулукка тааныштыруу;

Кылымдар бою сөз наркын жоготпой, өз баркын коротпой сакталып келген Улуу өнөрдү мындан ары да өнүктүрүү;

Калың элди руханий агартуу маселесин колго алууга багытталган.

Уюштуруу комитети:

Уюштуруу тобу жана калыстар тобунун курамы Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин буйругу менен бекитилет;

Уюштуруу комитети катышуучулардын санын, орундарын, акчалай сыйлыктын өлчөмүн бекитет;

Уюштуруу комитети кароо-сынак учурунда келип түшкөн суроо талаптарды жана өзгөчө суроолорду чечет жана уюштуруу комитетинин уруксаты менен башка демөөрчүлөрдөн атайын сыйлык ыйгара алат.

Калыстар тобу:

— Кароо-сынакты баалоо жана сынактын жыйынтыгын чыгаруу үчүн анын курамына белгилүү манасчылар, тарыхчылар, манас изилдөөчүлөр, санжырачылар, жергиликтүү маданият жана искусство ишмерлери кирет:

— Калыстар тобунун чечими анын бардык мүчөлөрү кол койгон протокол менен таризделет:

— Калыстар тобунун төрагасы бир добушка ээ жана чечими талкууга алынбайт жана өзгөртүлбөйт.

Негизги талаптар:

Берилген билетке так, туура жооп бергендиги;

Аткаруучулук чеберчилиги, обондуулугу;

Аткарган үзүндүнүн сөзүнүн көркөмдүк деңгээли;

Сөзүнүн тактыгы, ойдун тереңдиги;

Аткарган үзүндүнү толук, ийинине жеткизе окуянын ирээтин бузбай, уккулуктуу айта алгандыгы;

Сахна маданияты, улуттук кийими.

Шарттары:

Мелдешке 30 жашка чейинки манасчылар катышат;

Кароо сынак 3 баскыч менен өтөт.

I баскыч — жергиликтүү райондордо, шаарларда, маданият борборлорунда 2021-жылдын 20-июль күнү өткөрүлөт; (Мелдешке жер-жерлерден жобонун талаптарына жооп бере ала турган манасчылар тандалып алынат );

II жана III баскыч Бишкек шаарында 2021-жылдын 5-август күнү өткөрүлөт;

Манасчылар кезек кагазын кармоо менен 15 мүнөттүн тегерегинде Манас бөлүмүнөн бир билет, Семетей бөлүмүнөн бир билет тартып туш келген эки чыгарманы аткарат. Андан калыстар тарабынан жактырылган алты манасчы финалдык айлампада эл алдында Манас, Семетей, Сейтек бөлүмүнүн ичинен каалаган окуясын 20, 30 мүнөт аралыгында элге жеткиликтүү кылып айтып берүүсү абзел.

Байге фонду:

Баш байге — (1 аткаруучу) диплом, акчалай сыйлык

I орун — (1 аткаруучу) диплом, акчалай сыйлык

II орун — (1 аткаруучу) диплом, акчалай сыйлык

III орун (1 аткаруучуга) диплом, акчалай сыйлык

Кароо сынакка жигердүү катышкан (9 аткаруучуга) манасчылар атайын жеке кызыктыруучу жана акчалай сыйлыктар менен сыйланат.

— Алдыңкы орунга ээ болгон манасчылар Нарын облусунда өтүүчү фестивалга катыша алат

Эң көп окулган жаңылыктар