13:38
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

COVID-19: Бишкекте кошумча эмдөө түйүндөрү ачылууда

Бишкек шаардык мэриясынын маалыматына караганда, кошумча эмдөө түйүндөрү медициналык мекемелерден тышкаркы жайларда ачылат.

Маалыматка караганда, «Космопарк», «Таш-Рабат», «Балдар дүйнөсү», «Чынар» соода оюн-зоок жайларында жана «Семетей» мектебинде жалпысынан 9 эмдөө түйүнү уюштурулат.

Мындан тышкары борбор калаада 118 ыкчам кеңеш берүү кызматынын саны көбөйтүлөт. Учурда шаардагы төрт медициналык мекемеде 12 линия иштеп жаткан болсо, жакынкы күндөрү 20га жеткирилерин шаардык саламаттык сактоо департаменти маалымдады.

3-июлга карата Кыргызстанда коронавирус 1401 адамдан табылды. Анын басымдуу бөлүгү Бишкек шаарында. Башкалаада 907 адам вирус жуктурганы лабораториялык жактан тастыкталды. Пандемия башталган бир жыл аралыгында өлкөдө коронавируска чалдыккандардын жалпы саны 130 633 адам болду. Оорудан жалпысынан 112 644 адам сакайып, 2037 киши көз жумду.

1-июлга карата Кыргызстанда коронавируска каршы 112 миңден ашык киши эмделди. Эмдөө өнөктүгү кытай препаратынан тышкары Орусиянын «Спутник V» вакцинасы менен да жүрүп жатат.

Өнөктүк Орусиянын «Спутник V» жана Кытайдын Sinopharm вакцинасы менен 29-мартта башталган.

Эң көп окулган жаңылыктар