17:32
USD 84.79
EUR 100.70
RUB 1.16

COVID-19. Ооругандардын саны көбөйсө карантин киргизилет

Өлкөдө эпидиомологиялык кырдаал курчуп кетсе карантиндик чектөөлөр киргизилет. Бул тууралуу Республикалык штабдын жыйынында айтылды.

Жылдыз Бакашеванын билдирүүсүндө, Кыргызстанда жакынкы күндөр 1 миллион 250 миң вакцина келет.

«Калкты эмдөөнү күчөтүү керек. Бишкек шаарында күнү-түнү иштеген эмдөө борборлорун ачуу зарыл. Алар ооруканаларга гана эмес, соода түйүндөрүндө дагы жайгашсын», — деп тапшырды вице-премьер-министр Жылдыз Бакашева.

2-июлга карата бир суткада 1 миң 485 кишиден вирус аныкталып, он адам каза болду

Эң көп окулган жаңылыктар