00:11
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Тажикстанда 200 миңден ашык киши коронавируска каршы эмдөөдөн өттү

Тажикстандын Саламаттык сактоо жана калкты социалдык жактан коргоо министрлиги соңку үч күндө 52 миң киши коронавируска каршы вакцина алганын маалымдады.

Тажикстанда эмдөө бейтапканаларда гана эмес, үйлөрдө, мечиттердин жанындагы мобилдик медициналык клиникаларда жүргүзүлүп жатат. Ошол эле маалда бул кампанияга ишенбөөчүлүк менен карагандар көп бойдон калууда.

Саламаттык сактоо министрлиги 27-июнга карата COVID-19га каршы 205 миң 619 киши эмдөөдөн өткөнүн кабарлады.

Тажикстанга 20-июнда кытайлык Sinovac Research & Development Co. Ltd компаниясынан COVID-19га каршы 300 миң доза вакцина келген. Буга чейин өлкө COVAX программасынын алкагында AstraZeneca вакцинасынан 192 миң доза алган.

Өткөн аптада тажик бийлиги коронавирус инфекциясын жуктуруп алган жаңы учурлар катталып жатканын расмий түрдө мойнуна алган. 27-июнда вирус жуктурган 27 учур катталган. Жыл башында расмий Душанбе ооруну толук жеңгенин билдирген.

Расмий маалыматтар боюнча сегиз миллион калкы бар Тажикстанда коронавирус инфекциясы 13 439 кишиге жугуп, анын 90у көз жумган. Айрым дарыгерлер коронавирус жуктургандар жана андан өлгөндөр алда канча көп экенин айтып келишет.

Эң көп окулган жаңылыктар