02:41
USD 87.45
EUR 99.56
RUB 1.10

УКМКнын Жемкорлук менен күрөшүүчү кызматы жоюлду

УКМКнын Жемкорлук менен күрөшүүчү кызматы жоюлду. Бул тууралуу буйрукка президент Садыр Жапаров кол койду.

Маалыматта экономикалык реформалардын алкагында сот, укук коргоо жана фискалдык органдардын ишин оптималдаштыруу жүрүп жатканы белгиленет.

Белгилей кетсек, октябрдагы бийлик алмашуудан кийин Жемкорлук менен күрөшүү кызматы жоюлары айтылган. Бирок, кийин кайра күч алып иштеп баштады.

Камчыбек Ташиевдин жетектөөсүндө УКМК ондогог саясатчыларга иш козгоду.

Эң көп окулган жаңылыктар