Экономика жана финансы министри Акылбек Жапаров өлкөдө коронавирус инфекциясына чалдыккандардын кайра күчөшүнө байланыштуу өзгөчө абал киргизүүнү сунуштады. Бул тууралуу ал кечээ өкмөттүн жыйынында билдирди.
Ал өлкөгө тез арада вакцинаны алып келип, калкты эмдөөнү колго алуу зарылдыгын белгилейт.
«Өзгөчө кырдаал министрлигине тапшырма берели. Дүйнөнүн кайсы бурчунда болсо дагы барып, вакцинаны 10 күндө алып келсин. Армия, ИИМ, биздин өзүбүздүн кызматкерлер эмделбесе айлык акы берилбестигин айталы. Андан сырткары, өзгөчө абал киргизүү керек», — дейт ал.