USD87.45EUR97.92RUB1.02
24.kg

COVID-19. Кыргызстанда вирустун баардык штаммдары аныкталды

13:12, 25 июня 2021, Бишкек - 24.kg

Кыргызстанда вирустун баардык штаммдары аныкталды. Бул тууралуу маалымат жыйында медицина илимдеринин доктору Зуридин Нурматов билдирди.

Анын маалыматында, Кыргызстан алынган анализдерди Россия, Европа жана АКШга жөнөтүп турат.

«Текшерүүнүн жыйынтыгында Кыргызстанда вирустун баардык штаммдары аныкталды: индиялык, британиялык, түштүк африка жана бразилиялык. Баары бар. Акыркы убакытка вирустун кескин көбөйүшү дагы ушуга байланыштуу. COVID-19 мутацияланган түрлөрү баштапкы түрүнө караганда 50-70 пайызга тез таркайт», — дейт ал.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18

Индекс цитированияЯндекс.Метрика