USD87.45EUR98.13RUB1.03
24.kg

УКМКнын коррупцияга каршы кызматы жоюлат

13:59, 23 июня 2021, Бишкек - 24.kg

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин алдындагы антикоррупциялык кызмат (АКС) жоюлат. Буга байланыштуу президенттин жарлыгы даярдалып жатат. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров 23-июнда ишкер чөйрөнүн өкүлдөрү менен жолукканда айтты.

«Каржы полициясынын ишин терең анализдеп, көптөгөн арыздарды эске алуу менен өзүн-өзү актаган жок деген жыйынтыкка келгенбиз жана аны жоюу тууралуу чечимди кабыл алганбыз. Бул бизнести колдоо багытындагы чечкиндүү кадам болгон. Муну улай УКМКнын алдындагы антикоррупциялык кызмат жоюлат», — деди Жапаров.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18

Индекс цитированияЯндекс.Метрика