08:20
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

«Талибан» согушкерлери Тажикстан менен чек ара өткөөлүн басып алды

«Талибан» кыймылынын согушкерлери акыркы күндөрдө Ооганстандын түндүгүндө чабуулдарын күч алдырып, бир нече районду өздөрүнө кайтарып алышты. Бул тууралуу «Азаттык» билдирет.

БУУнун Ооганстан боюнча чабарманы Дебора Лайнс 22-июнда билдиргендей, талибдер май айынан бери 370 райондун 50дөн ашуунун көзөмөлдөп калышты. Дипломат муну менен кошуна өлкөлөрдүн коопсуздугуна да коркунуч пайда болгонун белгиледи.

Ал тапта акыркы кабарларга караганда, жоочулар Тажикстан менен негизги чек ара өткөөлүн — Кундуз провинциясынын борборунан 50 чакырымдай жердеги Шир Хан Бандар шаарчасын ээлешти. Бул тууралуу АФП агенттигине аймактык кеңештин мүчөсү Халиддин Хакми билдирди.

Тажикстан тараптагы жергиликтүү бийлик өкүлү шейшемби күнү эртең менен Ооганстанда ок атышуу угулганын, бирок түштөн кийин кырдаал тынчыгандай таасир калтырганын айтты. Ал ооган чек ара аскерлери Тажикстандын аймагына өтүшкөнү тууралуу маалыматты четке какты.

Сөз болгон чек ара пунктунан күнүнө бир миңдей машине өтөт. Анын негизги бөлүгүн түзгөн Пянж дарыясында салынган 700 метрлик көпүрө 2007-жылы ачылган.

АКШ баштаган эл аралык коалиция ооган жергесинен 1-майда чыгарыла баштап, жараян 11-сентябрга чейин аягына чыгууга тийиш.

Эң көп окулган жаңылыктар