11:52
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Каныкей Кубанычбекова Токио олимпиадасына жолдомо алды

Ок атуу боюнча Кыргызстандын курамасынын мүчөсү Каныкей Кубанычбекова Токиодо өтө турган жайкы XXXII Олимпиада оюндарына жолдомо утуп алды. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Кубанычбекованын жолдомо алышы кыз-келиндер арасында ок атуу боюнча (10 метрден пневматикалык мылтыктан атуу) онлайн жана оффлайн форматындагы эл аралык мелдештердин жыйынтыгында белгилүү болду. Ал Казакстан, Индия, Кувейт, Азербайжандагы мелдештердеги рейтингде ортодон жогорку жыйынтык көрсөтүп, Олимпиадага жолдомо утуп алды.

Эскерте кетсек, Токиодо өтө турчу XXXII жайкы Олимпиада оюндарына буга чейин Атабек Азисбеков, Жоламан Шаршенбеков, Акжол Махмудов жана Үзүр Жусупбеков (грек-рим күрөшү), Эрназар Акматалиев (эркин күрөш), Айсулуу Тыныбекова, Айпери Медет кызы, Мээрим Жуманазарова (кыз-келиндер күрөшү), Дарья Маслова, Юлия Андреева жана Мария Коробицкая (жеңил атлетика), Денис Петрашов (сууда сүзүү), Роман Петров (фехтование) жана Бакдөөлөт Расулбеков (оор атлетика) лицензия алган.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума