02:38
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

COVID-19. Вируска кабылган 801 адамдын абалы оор

Коронавируска чалдыккан 2 миң 436 адам ооруканада дарыланууда. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.

Маалыматта дарыланып жаткандардын 66 пайызынын абалы оордукта экени айтылат.

«29 пайызы, же 708 адам оор абалда, дагы 93 бейтап өтө оор абалда», — дейт министрлик.

5 миң 173 бейтап үйдөн дарыланууда.

Министрликтин маалыматында, акыркы суткада 7 миң 958 анализ коронавируска текшерилди.

Эң көп окулган жаңылыктар