05:57
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Тажик ЖМКлары «Головнойдон» суу графиги менен берелерин жазып чыкты

Баткен районундагы «Головной» суу бөлүштүрүүчү жайындагы суу убагы менен берилет. Бул тууралуу «Спутник-Тажикстан» жазып чыкты.

Алардын маалыматында, Баткен жана Согди облусунун жетекчилери жолугушуп суу маселесин талкуулашкан.

«Анда «Головной» жана «Хожобарыкган» суу бөлүүчү жайларындагы суу убагында берилип турары макулдашылды. Азырынча суу канча пайызы кайсы өлкөгө кетери айтылган жок», — дейт тажик журналисттери.

Кыргызстандын Суу чарба департаменинин билдирүүсүндө, суу бөлүштүрүү боюнча жаңы макулдашуу болгон жок.

«Аталган суулар боюнча түзүлгөн келишим бар. Ошого ылайык графиги менен суу берилип турат», — дейт мекеменин башчысы Алмаз Сокеев.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума