Ошто ресторандарга 1-июлдан тарта банкет, той өткөрүүгө тыюу салынды. Бул тууралуу шаардык мэрия билдирди.
Алардын маалыматында, эпилемиологиялык кырдаалга байланыштуу санитардык нормалар күчөтүлүп, коомдук тамактануучу жайларда, кафе-ресторандарда текшерүү жүрүп жатат.
1-июлдан тарта Ошто той-маараке өткөрүүгө тыюу салынды. Ресторандарга кийинки айга буйрутма албоо сунушталды.
Учурда Бишкек жана Ош шаарларында, Чүй жана Ош облусунда вирустун жайылышы күч алды.
2020-жылдын март айынан бери 112 миң 777 киши вируска чалдыгып, 1 миң 916 бейтап көз жумду.