USD87.45EUR97.87RUB1.02
24.kg

COVID-19. Кыргызстанда 5132 адам вирустан дарыланууда

14:42, 15 июня 2021, Бишкек - 24.kg

Кыргызстанда 5132 адам вирустан дарыланууда. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.

Маалыматка караганда, 2 миң 52 адам стационарда, 3 миң 80 адам үйдөн дарыланып жатат.

Ооруканада жаткандардын 563үнүн абалы оор, дагы 100 киши өтө оор абалда.

Бүгүн 414 кишиден вирус аныкталып, алты адам каза болду.

2020-жылдын март айынан бери 111 миң 343 киши вируска чалдыгып, 1 миң 905 бейтап көз жумду.

 

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18

Индекс цитированияЯндекс.Метрика