USD87.45EUR97.90RUB1.04
24.kg

COVID-19. Sinopharm вакцинасынын экинчи партиясы 20-июнга чейин келет

15:16, 14 июня 2021, Бишкек - 24.kg

Sinopharm вакцинасынын экинчи партиясы 20-июнга чейин келет. Бул тууралуу 24.kg агенттигине Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев билдирди.

Анын айтымында, 150 миң доза вакцина келет.

Эскерте кетсек, Sinopharm вакцинасын Кытайдан алып келүү үчүн транспорт маселеси чечилбей жаткан. Ага акыркы эл аралык уюм жардам берип, жеткирип бермекчи болду.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматында, Кыргызстанда 90 миң адам вакцина алды.

2020-жылдын март айынан бери Кыргызстанда 110 миң 829 киши вируска чалдыгып, 1 миң 899 бейтап көз жумду.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18

Индекс цитированияЯндекс.Метрика