10:26
USD 89.51
EUR 97.50
RUB 0.97

Кыргызстандын футболчулары Мьянмини 8 упай менен утту

«Ак шумкар» улуттук футбол курама командасы Мьянминин спортчулары менен беттешти 8-1 эсебине утуп алды. Оюн бүгүн Японияда өттү.

Оюнда Турсунали Рустамов, Мирлан Мурзаев, Алиман Шүкүров жана Гүлжигит Алыкулов мыкты оюн көрсөтүп, гол киргизишти.

Белгилей кетсек, Японияда 2022-жылы өтө турган Дүйнө чемпионатынын Азия чөлкөмүндөгү тандоосу өтүүдө.

«Ак шумкарлар» F тайпасында Япония, Мьянма, Монголия жана Тажикстандын курама командалары менен жайгашкан. Кыргызстандын курамасы тайпада 10 упайы менен экинчи орунда келе жатат.

Эң көп окулган жаңылыктар