19:57
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

Улукбек Марипов мэрдин милдетин аткаруучу менен Бишкектин көйгөйлөрүн талкуулады

Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов жана Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Бактыбек Кудайбергенов ордо калаабызды өнүктүрүүнүн актуалдуу маселелерин талкуулады.

«Унаалардын агымын азайтуу жана шаардык транспорттук инфраструктураны өнүктүрүү үчүн Бишкек шаарына заманбап жана экологиялык жактан таза автобустарды жана троллейбустарды жеткирүү боюнча сүйлөшүүлөрдү тездетүү керек. Бишкек шаары коомдук автопаркты түп-тамырынан бери масштабдуу жаңыртууга жана кеңейтүүгө муктаж. Мындан бир нече күн мурда жаралган транспорттук көйгөй кайталанбашы тийиш», — деп белгиледи ал.

Улукбек Марипов Бишкек шаарынын мэринин көңүлүн шаардык чөйрөнү жакшыртууга багытталган комплекстиүү чараларды кабыл алуу зарылдыгына бурду.

«Бишкек шаарынын борборунда абалы начар, басууга мүмкүн болбогон жөө жүргүнчүлөр үчүн тротуарлар кездешет. Мындан тышкары, бак-дарактарды мыйзамсыз кыюу, баш-аламан курулуштар, арыктардагы суунун жетишсиздиги, сугат тутумунун бузулгандыгы, же жоктугу сыяктуу маселелер нааразычылыктарды туудурууда. Бишкек шаары — биздин өлкөнүн борбору, ошондуктан муниципалдык бийлик күн сайын жана тутумдуу түрдө шаардын тышкы көрүнүшүн жакшыртуу, шаардыктардын ыңгайлуу жана коопсуз жашоосу үчүн шарттарды түзүү үстүндө иш алып баруулары керек. Шаар инфраструктурасын өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн эске алуу менен шаардык бийликтен учурдагы көчөлөрдүн биринде жалаң жөө жүргүнчүлөр үчүн каралган көчөнү түзүү боюнча сунуш киргизүүнү тездетүүнү өтүнөм», — деди марипов.

Жолугушууга катышкан BPC Group улук вице-президенти Тохир Абдукадыров коомдук транспортто электрондук билет берүү тутумун ишке киргизүүнү караган «Бишкек шаарынын мэриясынын коомдук транспортун өнүктүрүү» долбоорун ишке ашыруунун аралык жыйынтыктары тууралуу маалымат берди.

Улукбек Марипов билдиргендей, жүргүнчүлөрдүн ыңгайлуулугун камсыздоо максатында аталган долбоорду ишке ашырууну улантуу зарыл.

«Бул тутум муниципалдык коомдук транспортто гана киргизилген. Мындай валидаторлорду жүргүнчүлөрдү ташыган жеке унаа каражаттарында орнотуу мүмкүнчүлүгүн кароо менен аны пайдаланууну кеңейтүү зарыл. Бишкек шаарынын коомдук транспортундагы эсептешүү толугу менен накталай эмес түрдө жүргүзүлүшү керек», — деп жыйынтыктады ал.

Эң көп окулган жаңылыктар