Коронавирус жуктурган 1 миң 696 бейтап ооруканада дарыланууда. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.
Маалыматка караганда, 446 бейтаптын абалы оор, дагы 94 киши өтө оор абалда.
1 миң 653 бейтап үйдөн дарыланууда.
2020-жылдын март айынан бери 104 миң 729 киши вируска чалдыгып, 1 миң 808 бейтап көз жумду.