15:08
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Бейбаштык айыбы менен издөөгө алынган Рахмондун аялынын жээни милицияга келди

«Нахш» алтын кен компаниясынын башчысы, тажик президенти Эмомали Рахмондун жээни Амриддин Нахшов күнөөсүн мойнуна алып милицияга өзү келди. Ал Дангарадагы мушташка байланыштуу издөөдө жүргөн. Буга чейин Нахшовдун жети шериги кармалган.

Тажикстан ИИМи Амриддин Нахшов 27-майда Дангара облустук ички иштер бөлүмүнө өз эрки менен келгенин билдирди. Ал «Бейбаштык» беренеси боюнча айыпталууда. Күнөөсү аныкталса, 2ден 7 жылга чейин түрмөгө камалышы ыктымал.

ИИМдин билдирүүсүндө 35 жаштагы Амриддин Нахшов камакка алынганы жана алдын ала иликтөө иштери жүрүп жатканы жазылган.

Нахшовду коштогон бир нече киши 16-майда «Фароз» компаниясы менен келишимдик негизде иштеп жаткан «Мину Фарм» компаниясынын кызматкерлерине кол салган.

Тергөө органдары мушташтан ондой киши жабыркаганын, алардын төртөө бычактан жаракат алганын кабарлашкан. Жабырлануучулардын арасында чайыр чөптү чогултуу үчүн келишим түзүүгө келген төрт ооган жараны да болгон.

Окуянын күбөлөрүнүн айтымында, «Мину Фарм» компаниясынын башчысы Сайед Гиёсов Амриддин Нахшовго чайыр өскөн жер тилкесин берүүдөн баш тарткан соң чыр чыккан. Ресторанда болгон мушташка элүүгө жакын киши катышканы айтылган. Сайед Гиёсовду курсакка жана бутуна төрт жолу бычак менен сайышкан. Дарыгерлердин айтымында, анын абалы учурда туруктуу.

Амриддин Нахшов Тажикстан президентинин аялынын жээни. Ал мурун банкта иштеген, учурда алтын өндүрүүчү «Нахш» кенин жетектейт.

«Мину Фарм» компаниясы Тажикстанда чайыр чогултууга уруксат алган бирден бир компания. Бул ишкананын тажик президентинин күйөө баласы Шамсулло Сохибовго таандык мурдагы Фароз" компаниясы менен байланышы бар.

Эң көп окулган жаңылыктар