Жалал-Абадда дарыяга түшүп кеткен 11 жаштагы бала изделүүдө. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.
Алардын маалыматында, 24-май күнү Терс айылында 2010-жылы туулган бала жайлоого мал айдап бара жатып, дарыяга түшүп кеткен.
«Ал көпүрөдөн өтүп бара жатып, аты менен сууга кулап түшкөн. Ат табылды, а бала беш күндөн бери издөөдө», — дейт ӨКМ.
Аны издөөгө 20 куткаруучу, 51 жергиликтүү тургун тартылды.