19:31
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

Россияда сот тажик диний ишмерин жарандыктан ажыратууну колдогон жок

Орусияда сот тажик тектүү кишини Орусия жарандыгынан ажыратуу тууралуу чечимди жокко чыгарды. Мартта Свердлов облусунун Режевск райондук соту 60 жаштагы тажик диндары Саиднуриддин Розиковду Орусия жарандыгынан ажыратып, аны өлкөдөн чыгарган.

25-майда Свердлов облустук соту райондук соттун чечимин жокко чыгарды. Бул тууралуу Урал качкындар ассоциациясынын президенти Людмила Лукашева билдирди. Ал сотто Розиковдун кызыкчылыгын коргогон.

«Саиднуриддин Розиков 2000-жылдардан бери Орусияда турат, Орусия Федерациясынын жараны болуп эсептелет», — деди ал.

Лукашеванын айтымында, сотто облустук соттун судьясы прокуратура менен райондук соттун өкүлдөрүнөн Розиковду эмне себептен жарандыктан ажыратканын сураган. Алар: «Розиков эч кимдин уруксатысыз үйүн дубал менен тосуп, бир метр бөтөн жерди менчиктеп алган» деп жооп беришкен. Облустук сот бул Орусия жарандыгынан ажыратууга негиз болбой турганын белгилеп, райондук соттун чечимин жокко чыгарган.

Саиднуриддин Розиков 1998-жылдан бери Орусияда жашап жүргөн. Соода менен алектенип, бир учурларда анча чоң эмес мечиттин имамы болгон. Ал 90-жылдары эле орус жарандыгын алган, былтыр паспорт үчүн туура эмес маалымат берген деген жүйө менен жарандыктан ажыратылган.

Апрелде Розиков видеокайрылуу жасап, Орусияда белгисиз кишилер аны уурдап кетип, тажик бийлигине өткөрүп бергенин айткан.

Буга чейин Розиковдун туугандары тажик бийлиги аны өлкөдө тыюу салынган «Салафия» диний агымына катышы бар деп айыптап жатканын билдиришкен. Алардын айтымында, тергөөчүлөр кылмыш ишин токтотуу үчүн андан бир миллион рубль талап кылышкан. Кийинчерээк ал эркиндикке чыкканы белгилүү болгон.

Эң көп окулган жаңылыктар