07:54
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Орусия жана Кыргызстан почталары жүк жеткирүү акысы эки эсе арзандатылды

Орусиядан Кыргызстанга почта аркылуу жүк жиберүүнүн баасы эки эсе арзандады. Бул тууралуу 25-майда Орусиянын почта кызматынын расмий сайтына билдирүү чыкты.

Ага ылайык мындан ары бир килограммга жетпеген жүк Кыргызстанга 498 рублга жеткирилет. Мурда бул кызмат 1046 рубль болчу. Жакын арада «Кыргыз почтасы» да Орусияга жүк жеткирүү акысын арзандатары каралууда.

«Орусия Почтасы» акционердик коомунун электрондук коммерция боюнча директору Алексей Скатин акыркы учурда Евразия экономикалык биримдигине кирген өлкөлөрдүн арасында почта менен жүк жеткирүүгө талап 9 пайызга жогорулап, бир жылда 327 миң жүк жеткирүү катталганын айтат.

Эң көп окулган жаңылыктар