13:11
USD 88.91
EUR 94.75
RUB 0.95

Жумушта кызматкерлерине ыдык көрсөткөн жетекчилер жоопко тартылат

Жумушта кызматкерлерине ыдык көрсөтүп, асылган жетекчилер жоопко тартылат. Бул тууралуу мыйзам долбоорун бир катар депутаттар иштеп чыгып, парламенттин кароосуна сунушталды.

Эмгек кодексине өзгөртүү кызматкердин жеке кол тийбестик укугун коргоо, ошондой эле эмгек укук мамилелери чөйрөсүндө кызматкерди асылуудан коргоону камсыз кылуу максатында иштелип чыкты.

Долбоордун авторлору аялдар жыныстык асылууга дуушар болорун белгилешет.

«Сурамжылоого катышкандардын көпчүлүгү көйгөй бар экендигин моюнга алышкан. 23% иштеген аялдар жана 21,9% студенттер сексуалдык асылууга дуушар болушкан. Изилдөө 80% асылуу учурлары мамлекеттик мекемелерде болорун көрсөтөт. Асылууга 20 жаштан 38 жашка чейинки курактагы никеге турбаган жана катардагы кызматты ээлеген аялдар кабылышкан (70%). Мында, изилдөөнүн авторлору белгилегендей, азыраак бийлик ыйгарым укуктары бар аялдар сексуалдык асылууга көбүрөөк кабылышкан. Сексуалдык асылуу орто жана жогорку звенодогу эркек жетекчилер таратынан болот (44%)», — деп айтылат маалыматта.

Жумушта аялдарга карата асылууга, жыныстык ыдык көрсөтүүгө жол берип, анын негизинде кызматкерди жумуштан кетирген жетекчи жоопко тартылат. Ал эми кызматкердин моралдык жана материалдык чыгымын төлөтүп алуусуна жол ачылат. 

Эң көп окулган жаңылыктар